Токон Мамытов Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин жарлыгы чыкты. Кечээ парламент Токтон Мамытовду бул кызматка дайындоого макулдугун дээрлик бир добуштан берген. Соңку бир ай ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп турду. Ага чейин жарым жыл Чек ара кызматын башкарган.
Жаңы кызматта Мамытов коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, юстиция министрлеринин, УКМК башчысынын жана Чек ара, Маңзат көзөмөлдөө, Каржылык чалгындоо, Жаза аткаруу, Каттоо кызматтары менен Каржы полиция жетекчилеринин ишин көзөмөлдөйт. (RK)