Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Кыргыз-өзбек чек арачылар жолугушуусу өтүүдө


Баткендеги окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу кыргыз Чек ара кызматынан кабарлашты. Жолугушууга аталган кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев катышууда.

19-июндан 20сына оогон түнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши бүгүн Гүлпиянга жыйылып бир жарым саат жол бууган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG