Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

"Клан Сопрано" сериалынын жылдызы Жеймс Гандольфини көз жумду


Америкалык киноактер белгилүү “Клан Сопрано” сериалынын жылдызы эле. Ал Римде эс алууда жүргөндө дүйнөдөн кайтты. Алдын ала маалыматтар боюнча анын жүрөгү оорулуу болчу.

Жеймс Гандольфини 51 жашта көз жумду. Ал Сицилияда өтүп жаткан кинфестивалга катышканы бараткан. Дүйнөлүк атакты ага “Клан Сопрано” тасмасындагы мафиянын боссунун ролу алып келген.

Сериалды HBO чыгарат. Тони Сопранонун ролу үчүн Жеймс Гандольфини үч жолу “Эмми” жана бир жолу “Алтын глобус” алган. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG