Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

“Санпа” окуясына айыпталгандардын бири Орусиядан экстрадицияланбайт


Бул жөнүндө “Азаттыкка” бүгүн Москвадагы “Башпаанекке укук” деген уюмдун төрайымы Елена Рябинина билдирди. Орусиянын Башкы прокуратурасы өзбек улутундагы кыргызстандыктар Гайратбек Салиевди (25 жаш), Бахтиер Мамашевди (29 жаш) жана Махаммадилло Кадиржановду (43 жаш) Кыргызстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарган болчу. Бирок айыпталгандар менен алардын адвокаттары ошол чечимди жокко чыгарууну суранып, өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылышкан. Сот 19-июнда Гайратбек Салиев боюнча чечимин чыгарып, анын доо арызын канааттандырбады.

“Бул дегени Салиевди экстрадициялайт дегенди билдирмек. Бирок андан бир күн мурун биз Еврпопа сотуна жиберген арызыбызга оң жооп алган болчубуз. Европа сотунан биз бул иш боюнча соттун регламентинин №39-эрежесин колдонууну суранган элек. Ал эреже Орусиянын Жогорку Сотунун “айыпталуучуну өз мекенине күчтөп жиберүүнү анын иши сотто каралмайынча” токтотуп коё алат. Эми Орусия экстрадиция боюнча чечим күчүнө киргенине карабай, Салиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө акысы жок”, - деди укук коргоочу Елена Рябинина.

Кыргызстандык калган эки өзбек улутундагы адамдардын доо арызы кийинчерээк карала турган болду. Алардын үчөө тең Кыргызстанда 2010-жылдын июнь айынындагы коогалаң учурунда "Санпа" пахта заводунун жанындагы жолдо болгон кыргын үчүн айыпталган жана аларга эл аралык издөө жарыяланган. (TD)

XS
SM
MD
LG