Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Дүйнөдө аялдардын 35 пайызы зомбулукка кабылат


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө аялдардын үчтөн бир бөлүгү ар кандай зомбулукка кабылат. Уюм атайын иликтөөнүн негизинде аялдардын 35 пайызы сексуалдык зомбулукка жана уруп-согууга туш болоорун аныктаган. Өлтүрүлгөн аялдардын 40 пайызы өз күйөөлөрү же чогуу жашап жүргөн адамдар колдуу болгон. Бул маселе Түштүк-Чыгыш-Азия, Африка жана Жакынкы Чыгышта курч турат.

Дүйнөлүк саламаттык уюму 1983-жылдан 2010-жылга чейинки иликтөөгө таянган. Уюмдун башчысы Маргарет Чан аялдарга зомбулук глобалдык маселеге айланганын билдирди.

БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө 600 миллионго жакын аял үй-бүлөлүк зомбулук кылмыш деп эсептелбей турган өлкөлөрдө жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG