Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Прокуратура Cакатаевдин ишин тергөөнү токтотпойт


Башкы прокуратура өзүнүн үч жашар кызын аёосуз уруп, зордуктады деп шектелген Үсөн Сакатаевдин иши тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, ушул айдын башында жабыркаган наристенин энеси күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айтып, кылмыш ишти тергөөнү токтотууну өтүнгөн. Прокуратура арызды канааттандырган эмес. Учурда кылмыш иш боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертиза жүрүп жатат.

Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жараткан. Айрым жарандык активисттер мындан улам бачабаздыкка жазаны күчөтүү талабы менен кол топтой баштаган.

Үрөй учурган окуя ушул жылы 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда болгон. Конуштун тургуну 29 жаштагы Сакатаев мас болуп өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деп шектелип камакка алынган. Кордолгон, эки кабыргасы сынып, жүзү бычак менен тилинген наристе оор абалда ооруканага түшкөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG