Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Түркия Еврошаркетке жол ачпай жатат деп Германияны айыптады


Түрк өкмөтү Германиянын канцлери Ангела Меркелди Анкарынын Европа Биримдигине кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрүнө бөгөт койгону үчүн айыптады. Түркиянын Еврошаркет боюнча министри бул маселени Меркель сентябрь айында кайра шайланышы үчүн “саясий өңүттө“ пайдаланып жатат деп билдирди.

Аталган уюмдун өкүлдөрү сүйлөшүү үчүн келерки аптада түрк өкмөт мүчөлөрү менен жолукмак. Германия Түркиядагы нааразылык акциялардагы өкмөттүн аракетин сынга алып, консерваторлор Анкаранын биримдиктин мүчөсү болушуна каршы чыгууда.

Түркия Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүнү 2005-жылы эле баштаган. Уюмга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү сүйлөшүүнүн башталышын колдойт, бирок Германия менен Франция демилгени көп жактабайт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG