Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Өкмөт мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча программа сунуштады


Кыргыз өкмөтү Орусиядагы эмгек мигранттардын социалдык жана пенсиялык камсыздоосу боюнча атайын программа сунуштап жатат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурила Жолдошева билдирди. Анын айтымында, бул программа аркылуу эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуунун жол-жобосу иштелип жатат. Ага ылайык, мигранттар пенсиялык фонддор менен келишим түзүп, иштеп тапкан айлыгынын кайсы бир бөлүгүн которуп турат. Кийин ал пенсия катары төлөнүп берилет.

Жолдошева билдиргендей, учурда бул программаны ишке ашырууга Орусиянын биринчи улуттук мамлекеттик эмес пенсиялык фонду жана “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду өз кызматын сунуштап, алар менен иштетүүгө өкмөт макулдугун берди:

-Бул иштер мигранттардын каалоосуна жараша жасалат. Эгер мигрант учурда тапканын кийинкиге калтырам десе аталган фонддорго же Социалдык фондго кирешесинин айрым бөлүгүн чегерип койсо болот. Эгер андай каалоосу болбосо аны эч ким мажбурлабайт. Бирок биз бул боюнча мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматында, учурда Орусияда 579 миңге жакын мигрант эмгектенип жүрөт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG