Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Өзбекстан Кадамжайдагы инцидентте "өзбек чек арачылары мыйзам бузган эмес" деп эсептейт


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо комитети Кадамжайдагы инцидент боюнча өзүнүн версиясын билдирди. Интернет сайттарда жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, 20-июнга караган түнү Өзбекстандын Фергана облусунун аймагына чек ара эрежелерин бузуп, Кыргызстандан үч машине кирип келген. Өзбек чек арачылары аларды токтотууга көргөн аракетинен такыр майнап болбогондо алар машинелерге ок атышкан. Ошондо бир адам алган жараатынан Кыргызстандын аймагында көз жумганын кийин билишкенин айтышат. Калган машинеде самын, шампунь өңдүү товарлар табылган делет. Андан сырткары, өзбек чек ара кызматы ошол маалда Кыргызстан тараптан 30дай киши келип, өзбек чек арачыларын ташбараңга алышканын, чек арачылардын бири оор жараат алганын кошумчалады.

Өзбек чек арачылары кыргыз аймагына кирип, качкан адамды үйдө башына атканы жөнүндө бул билдирүүдө эч сөз жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ Өзбекстандын Бишкектеги элчисин чакыртып, нааразылык нотасын тапшырган маалда “Өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттери Кыргызстанда жасалганын” так көрсөткөн болчу. (td)

XS
SM
MD
LG