Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Илхам Алиев Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушууда


Азербайжандын президенти Алиев бүгүн Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй менен энергетика, адам укуктары жана Тоолуу Карабак проблемаларын талкуулады.

Ван Рөмпөй Азербайжанды Евробиримдиктин энергетикалык пландары боюнча “маанилүү өнөктөш” деп атады. Ошол эле маалда “быйыл Азербайжанда өтө турган президенттик шайлоо ачык, акыйкат болот го деп үмүттөнөөрүн” да айтты. Алиев болсо Армения менен талаштагы Тоолуу Карабак маселесине токтолуп, Евробиримдикке бул талашта ортомчу болуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG