Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Баткен: Өзбекстандын Сох анклавына жол жабылды


Баткенде Өзбекстандын Сох анклавы арылуу кеткен унаа жол жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Кадамжай районунун тургундары бүгүн өкмөткө кайрылып, өзбек Чек араны коргоо кызматынын 19-июндан 20-июнга оогон түнү Баткендин Гүлпиян айылында болгон кандуу окуя боюнча билдирүүсү "чек ара аймагында туруктуулукту камсыз кылуу аракетин жокко чыгарууда" деди.

"Өзбек Чек ара кызматы окуяны коомчулукка өз кызыкчылыгында, таптакыр тескери өңүттө жеткирүүгө аракет кылууда", - деп айтылат кайрылууда.

Чек арада коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Чечме” жана “ Кадамжай” өткөрүү пункттары жабылды.

20-июнда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кадамжай районунда өзбек чек арачылары бир кыргызстандык жаранды өзгөчө мыкаачылык менен атып өлтүрүп салганы кабарланган. Бүгүн өзбек чек арачылары алар тараптан эч кандай мыйзам бузуу жок экенин, болгону алар чек араны бузгандарды токтотуу аракетин жасаганын айтып чыкты. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG