Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Турсунбек Акундун "бомбасы" жарылды


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Ата-Журттун” депутаттарына жана Батукаевдин бошотулушуна катышы бар деп эсептеген кызмат адамдарын атады.

Ал 21-июндагы маалымат жыйынында буга чейин “бомба жарам” деген сөзү каймана айтылганын билдирип, журналисттерге муну “Акун агынан жарылды” деп түшүнгүлө деди.

Бирок акыйкатчынын аракетин каршылаштары кызматынан кол жууп калаардагы жандалбас катары баалап жатышат. Турсунбек Акундун иши келерки аптада Жогорку Кеңеште каралганы турат.

Акундун “кара тизмеси”

Турсунбек Акундун "кара тизмесине" үч адам: УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жана баш прокурор Аида Салянова илинген экен. Маселен, ал Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевди “мыйзамдагы ууру” делген Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектенет.

Азиз Батукаев 9-апрелде бошосо, 10-апрелде Табалдиев акыйкатчыга телефон чалып, Батукаевдин бошогону боюнча журналисттерге түшүндүрмө берип коюусун суранган экен.

- Көрсө бийликте иштеген Бусурманкул Табалдиев сыяктуу адамдар Батукаев бошотулушуна тиешеси барлардын баарын бул маселе боюнча комментарий бердирбей, “биз берсек туура болбой калат, коомчулук туура эмес түшүнөт” деп, баягы эле “атка жеңил, тайга чак” акыйкатчыны алдыга салышкан экен. Коомчулукка акыйкатчыны жаман көрсөтүп, өздөрү болсо периштедей аппак болгусу келгенин кийин билип жатам. Бирок Табалдиев ушул маселени президент менен акылдаштыбы деген суроо туулат? Президент ушундай иштердин баарына кийлигише берет деп ойлобойм. Бирок Табалдиевдин мага кылган коңгуроосу президенттин атына чоң көлөкө түшүрүп жатканын белгилеп кетейин.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаевдин бошоп кетишине баш прокурор Аида Салянованы да күнөөлөп, Батукаевди коргоп туруп алды деп эсептейт. Салянова мындай айыптоолорду буга чейин Жогорку Кеңештеги талкууда четке каккан болчу.

Акундун айтымында, Батукаевдин бир күндө баары даяр болуп, бошоп чыгып кетиши жөн жерден эмес. Ага тиешелүү болгон министрлер жана жетекчилер жоопко тартылышы керек болчу. Бирок аларды кызматтан алуунун кечеңдеши эл арасында “премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана президент Алмазбек Атамбаев да буга тиешеси бар экен” деген божомолдорду пайда кылууда дейт.

- Эгер министрлерди жазалай албайбы, анда демек премьер-министр өзү команда берген, Атахановго команда берген. Атаханов болсо башкаларга команда берген. Ага тиешеси болгон министрлердин баары жазаланышы керек болчу. Керек болсо депутаттар да алардын тизмесин берген, бирок алар ушул күнгө чейин жазаланбай келатат. Демек президент премьер-министрди баш кылып, кызматтан алып, комиссия түзүп, маселенин баарын көтөрүш керек. Алардын баарын текшерип, премьерди баш кылып, кызматтан алыш керек. Бирок ал анткен жок. Азыр элдин баары президент Атамбаев өзү күнөөлүү деп жатат.

Ал эми президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевди болсо, “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын сотуна, оппозиция-бийлик сүйлөшүүсүнө каршы чыкканына байлап айыптады. Акыйкатчынын билдиришинче, депутат Камчыбек Ташиев абакта жаткан кезде ага соттук психологиялык-психиатриалык экспертиза жүргүзүү боюнча демилге Нарымбаевге таандык болгон. Анын бул демилгесине баш прокурор каршы чыкпай, аткарып берген дейт.

Ак үй Акундун айтканын четке какты

Бирок бул маалыматтарды президенттик администрациянын башчысы Данияр Нарымбаев четке какты. Ал аталган маселе боюнча Акун менен жолукпаганын жана президенттик аппарат укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишпесин кошумчалады.

- Кылмыш иштери боюнча айтсам, президенттин аппараты кандай гана кылмыш иштери болсун эч бирине кийлигишпейт. Алар менен бир гана укук коргоо органдары алектенет.

Деген менен Жогорку Кеңеш Азиз Батукаевге байланыштуу кызматтан алынсын деген адамдардын тизмесинде Турсунбек Акун өзү да бар. Анткени депутаттар Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткенине акыйкатчынын Батукаев ооруп жатат деген демилгеси себеп болгон деп табышкан.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда акыйкатчыны кызматына Жогорку Кеңеш бекитет жана алат. Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын көпчүлүгү Турсунбек Акун кызматынан кетиш керек деген бүтүмгө келишти.

Андыктан Турсунбек Акундун аракети жана билдирүүлөрү кызматын сактап калуунун бир жолу катары бааланууда. Социал-демократтар фракциясынын депутаты, комиссиянын мүчөсү Гүлнара Жамгырчиева Акун боюнча маселе келерки аптада каралат жана аны кызматтан алынсын деп, 10 адамдан турган комиссиянын 8 мүчөсү кол койгонун айтты.

- “Менде “бомба” бар, комиссиянын мүчөлөрүнүн баарына менде компромат бар, мен жардырып жиберем” деген сөздөрдү айтып жатат. Бул деген калыстык эмес да. Эгер ошончо эле өзү таза, чынчыл жана адилеттүү адам болсо, билген нерсесин катып отуруп, башына иш түшкөндө чыгарбай, учурунда эле элге жарыя кылыш керек эле болчу. Анан ушундай учурда коркутам деп, соодалашпай. Президенттик аппаратты деле ошон үчүн айыптап жатат.

Турсунбек Акун акыйкатчылык кызматка алгач 2008-жылы шайланган. Быйыл жыл башында депутаттар аны дагы беш жылдык мөөнөткө бекиткен болчу.

XS
SM
MD
LG