Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Орус парламенти чет өлкөлүк кумсаларга бала багып алууга тыюу салды


Бүгүн Орусиянын Мамлекеттик Думасы – парламенттин төмөнкү палатасы – чет өлкөлүк бир жыныстуу түгөйлөргө жана кумсалардын бири-бирине үйлөнүшүнө уруксат берилген өлкөлөрдөгү жалгыз адамдарга орус балдарын багып алууга жол бербей турган мыйзам долбоорун акыркы окулушунда жактырды.

Бул – Орусиядагы жетимдерди коргоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүү. Эми документ парламенттин Жогорку палатасы – Федерация Кеңеши – тарабынан каралышы керек. Эгер кеңеш аны жактырса, президент Владимир Путин кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Президент буга чейин, эгер ал мыйзамды парламент жактырса, өзү сөзсүз кол койоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG