Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Нарын облусунда кырылган малдан жана жабыркаган эгинден, чөп-жемден келтирилген чыгым 18 миллион 376 миң сомду түздү. Аймак боюнча кой-эчки, жылкы, уй болуп 1000ден ашуун мал кырылды.
Ысык-Көлдө малдын кырылуусунан жана эгин талааларына келтирилген зыяндын чыгымы 8 миллионго жакын сомду түздү. Ысык-Көлдө да 1000ден ашуун мал кырылды.
17-июнда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын бир катар райондоруна караган тоолуу айылдарда, жайлоолордо кар жааган. Андан электр зымдары да жабыркап, көп өтпөй калыбына келтирилди. (AKu)