Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кыргыз жараны атып өлтүрүлгөн жердеги чек ара тилкеси тосулат


Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук, тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Таалайбек Усубалиев, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков жана башка бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Чек ара кызматынын жетекчилери менен жолугушкан.

Токон Мамытовдун айтымында, өзбек чек арачысы 19-июнда кыргыз жаранын атып өлтүргөн чек ара тилкеси 2008-жылы такталган. Бирок чек тосулган эмес. Бүгүндөн тарта ошол жерде эки өлкөнүн тиешелүү органдары иштеп, тосууга камданууда.

19-июнда кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек ара аскери кыргыз жаранын атып өлтүргөн. Андан кийин ошол жерде эки өлкөнүн тең чек ара бекеттери жабылган болчу. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында кечээтен бери Баткендеги Сох анклавы аркылуу кеткен жол да жабык турат. (AKu)

XS
SM
MD
LG