Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү ниетин билдирди


Түндүк Кореянын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Син Сон Хо Нью-Йоркто өткөн конференцияда Корей жарым аралындагы чыңалуу күчөгөн кырдаалга АКШ жооптуу деп, эки өлкө ортосундагы кармаш "бир заматта жаңы согуш отун тутантышы мүмкүндүгүн" айтты.

Аны менен катар эле Син Сон Хо Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүгө ниети бар болгонун да билдирип, Вашингтонду Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды.

Пхеньяндын расмий өкүлү Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерге кайрылып, Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы киргизген санкцияларды аткарбоого чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG