Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

“Сириянын достору” сириялык оппозицияга курал берүүнү колдоду


“Сириянын достору” деп аталган топко кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери мындай чечимди Катардын борбору Доха шаарындагы жыйын соңунда кабыл алышты.

“Эркин Сирия” армиясынын маалымат катчысы Луай Мекдад "Режимге каршы согушуу үчүн биз берген тизме боюнча курал-жарак, анын ичинде аскерий жана телебайланыш жабдыктар келет. Азырынча биз кандай курал жабдыктарды алганыбызды же ала турганыбызды айта албайбыз”, деди чет элдик журналисттерге Стамбулда туруп.

Ишембиде өткөн жолугушууга катышкан АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия оппозициясы курал-жарак жагынан өкмөттүк күчтөргө караганда алсыз экенин билдирди. Катардын премьер-министри шейх Хамад бин Джасем бин Джабер ал-Тани оппозицияны куралдандыруу аркылуу гана Сирияда тынчтык орнотуу мүмкүн экендигин айтты.

Дохада өткөн жыйынга Британия, Египет, Франция, Германия, Италия, Иордания, Катар, Сауд Арабия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери катышты. Орусия, Иран жана "Хезболла" уюму колдогон сириялык бийлик болсо соңку кезде козголоңчуларга соккусун күчөттү.

XS
SM
MD
LG