Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

АКШ “Талибандын” Катардагы кеңсеси жабылышы мүмкүндүгүн эскертти


Мамлекеттик катчы Жон Керри эгер талиптер Ооганстанда бейпилдикти орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга чын ниетин жакынкы күндөрү билдирбесе, “Талибандын” Катар мамлекетиндеги кеңсеси жабылышы мүмкүндүгүн айтты. Доха шаарында талиптердин өкүлдөрү менен жолугушууга мамкатчы Керри менен бирге АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча расмий өкүлү Жеймс Доббин дагы барганы белгилүү болду.

18-июнда Катарда “Талибандын” кеңсеси ачылгандан кийин Вашингтон Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча түз сүйлөшүүлөрдү баштоону жарыялаган. АКШнын мындай демилгесине нааразы болгон президент Хамид Карзай Ооганстандагы тынчтык маселесин өлкөнүн өкмөтү менен сүйлөшүү керектигин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG