Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Эшимкановдун кубогун "Азаттык" утту


Мелис Эшимкановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеште “Азаттык” жеңди. Финалдык беттеш НБТ командасы менен болду. Үчүнчү орунду “Акипресс”, төртүнчүнү ЭлТР командасы алды. Командаларга акчалай сыйлыктар жана мыкты оюнчуларга белектер тапшырылды.

Бул турнирди былтыр да “Азаттык” уткан. Футбол мелдешине быйыл 13 ММК командасы катышты. Эшимканов атындагы фонд журналисттер арасында ушул күздө шахмат жана бильярд боюнча да мелдеш уюштурганы жатат. (AKu/KM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG