Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Бразилияда өкмөткө каршы массалык демонстрациялар уланууда


Ишембиде өлкө боюнча 100дөн ашуун шаарда миллондон ашуун адам көчөгө чыкты. Алардын негизги талаптарынын бири 2014-жылы Бразилияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө миллиардаган доллар каражат жумшоону токтотуу.

Белу-Оризонте шаарында 70 миң киши көчөгө чыгып, демонстрациянын соңунда банк, дүкөндөр тонолду. Кагылыштарда 25 киши, алардын ичинде 5 полиция кызматкери жараат алды, 22 киши кармалды.

Бразилияда массалык протесттер эки аптадан бери уланууда. Нааразылыкка чыккандар дүйнөлүк чемпионатка эсепсиз акча коротууну токтотуп, мамлекеттик тейлөө системасын жакшыртууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG