Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Өкмөт чек ара кырдаалы боюнча депутаттарга маалымат берет


Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган өкмөт мүчөлөрү 19-июндагы Бакыт Тагаев аттуу жарандын өлүмүнө алып келген кыргыз-өзбек чек арасындагы окуядан соңку аткарылган иштер тууралуу маалымат беришет. Өткөн бейшембиде депутаттар бул маселени парламент жыйынында талкуулап, өкмөткө кыргыз жаранынын өлүмүн иликтөөнү тапшырган болчу.

19-июн кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок чыгарылганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG