Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Өзбек элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт


Акциянын уюштуруучусу Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Кадамжайда кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн өзбек чек арачысын кыргыз күч түзүмдөрүнө өткөрүп берүүнү, өлтүрүлгөн жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөөнү талап кылат.Ошондой эле кыргыз бийликтеринен бул ишке байланыштуу чаралар боюнча маалымат берүү талабы да коюлмакчы.

19-июн кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылганын билдирип жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG