Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Батукаев боюнча өкмөттүн иликтөөсү аяктады


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтөө боюнча өкмөттө вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев жетектеген жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ учурда өз иликтөөсүн жыйынтыктады жана жакынкы күндөрү жарыяламакчы.

Буга чейин Батукаев боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия өз корутундусун чыгарып, атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, Батукаевдин эртелей эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген акыйкатчы Турсунбек Акунду, вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен вице-премьер-министр Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.

9-апрелде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG