Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Конфискацияланган Батыровдун мүлкүн басып алуу боюнча иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы мамлекет конфискациялаган Кадыржан Батыров менен анын жубайы Карамат Батыровага таандык мүлктү рейдерлик басып алуу аракети боюнча эки кылмыш иш козгоду. Ага ылайык, Д.Б аттуу жаран “Ал-Каб” жана “Экрос” ишканаларына таандык мүлктөр сот чечими менен мамлекеттин карамагында экенине карабай, жалган документтер менен башка адамдарга берүүгө аракет кылган. Учурда кылмыш иштерди иликтеп-тергөө уланууда.

Жалал-Абад облустук соттун чечими менен 2010-жылдан бери качып жүргөн Батыров үй-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Батыров 2010-жылдын май-июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп айыпталууда. Батыров өзү бул айыптарды четке каккан болчу. Аялы болсо көз боёмочулук кылган, жалган документ жасаган деген айып менен тогуз жылга сыртынан кесилген. (EBM)

XS
SM
MD
LG