Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Москвада “Болотная” боюнча сот башталды


Замоскворецк сотунда буга чейин алдын ала угуулар болгон, бирок сот адвокаттардын арызын караган эмес. Адвокаттардын арызы 73 полиция кызматкерин жабыр тарткандардын тизмесинен чыгарууга байланыштуу болчу, себеби алар эч кандай жараат алышкан эмес.

Сот мындан баштараак ишти прокуратурага кайрадан жиберүүгө макулдугун берген эмес жана айыпталып жаткандарын мөөнөтүн дагы жарым жылга узарткан.

Сегиз адам: Андрей Барабанов, Степан Зимин, Денис Луцкевич, Ярослав Белоусов, Артем Савелов, Сергей Кривов, Александра Духанина, Алексей Полихович – массалык башаламандыктарды уюштурду жана полицияга зомбулук көрсөттү деп күнөөлөнүп жатышат. Үчөө: Владимир Акименков, Николай Кавказский, Леонид Ковязин - массалык башаламандыктарга катышты, ал эми Мария Баронова полицияга баш ийбөөгө чакырык жасады деп айыпталууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG