Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Индия: суу ташкынынан жабыркаган миңдеген адамдар жардамга муктаж


Индиянын түндүгүндө куткаруучулар суу ташкынынан жана жер көчкүдөн жабыркаган 7000 адамды алар жашаган жерлерден алып чыгып кетүүгө аракеттенишүүдө.

Уттаракханд штатында алдын ала маалыматтар боюнча көз жумгандардын саны 1000 адамдан ашышы мүмкүн жана ал жерде кайрадан катуу жаан жаады.
Кырсыктан бир жума өттү, бирок дагы деле өлгөндөрдүн, жоголгондордун так санын атоо мүмкүн болбой жатат. Ушул убакка чейин 600 адамдын өлүмү такталды, 80 миң адам куткарылды (AiK).

XS
SM
MD
LG