Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Ливандагы кагылышууларда 16 аскер окко учту


Ливандын Сайда шаарында суннит согушчандары менен кагылышуу учурунда кеминде 16 ливандык жоокер каза болду, жараат алгандардын саны – 50. Согушчандар жана калк арасындагы жоготуулар боюнча маалымат жок.

Массалык маалымат каражаттары кабарлагандай, радикал суннит динаятчысы Шейх Ахмед ал-Асирдин тарапкерлери жайгашкан мечитти жоокерлер курчоого алышкан.

Кагылышуу жекшемби күнү ал-Асирдин тарапкерлери аскер блокпостун ата баштаганда тутанган. Ага чейин шейхтин бир адамы кармалган эле.

Аймактагы кырдаал өткөн жумада Сирияда суннит менен шиитердин кагылшуусунан кийин курчуган. Сунниттер Сириядагы жикчилдерди колдошсо, ал эми «Хезболла» радикалдуу тобу – шииттер – Сирия режими тарапта. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG