Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Обама Сноуден кармалат деп ишендирүүдө


Америкалык борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Сноуденди колго түшүрүү үчүн бардык мыйзамдуу чаралар колдонулат. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама дүйшөмбүдө Ак үйдө журналисттерге билдирди.

Эдвард Сноуден америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Азыр анын кайда экени белгисиз, жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп келген болчу. Дүйшөмбүдө Москва аркылуу Кубага учаары маалымдалып жаткан, бирок белгиленген каттамда жок болуп чыкты.

Сноуденге жардам берип жаткан WikiLeaks сайтынын түзүүчүсү Жуллиан Ассанж Сноуден башпаанек алуу үчүн Москвадан Эквадорго жөнөп жатканын билдирди. Саламаттыгы дурустугун, “коопсуз” жайда экенин билдиргени менен кайда экенин айткан жок. Вашингтон блолсо Сноуден дагы деле Москвада экенин күмөн санабайт жана орус бийлигин аны АКШга өткөрүп берүүгө көндүргөнү жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG