Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Ташкентте кыргызстандык укук коргоочу Исмаилова кармалды


Бул тууралуу укук коргоочунун кызы Лира Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 24-июнда кечинде апасы Ташкентте аба майданда кармалганы тууралуу кат жөнөткөн. Өзбек чек арачылары кармоо себебин түшүндүргөн эмес, болгону ошол өлкөнүн “кара тизмесинде” экенин, кийинки рейс менен кайра депортацияланарын айткан.

Ташкентте чек арачылар Исмаиловага бир эле кат жөнөтүүгө уруксат беришкен. Телефон менен байланышуу мүмкүнчүлүгү жок. Укук коргоочу ал жакка өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүү үчүн барган. Делегациянын ичинен өзбек чек арачылар Исмаилованы кармап калышкан. Укук коргоочунун кызы учурда элчиликке, эл аралык уюмдарга кайрылып жатканын айтты.

Исмаилова “Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылын жетектейт. Буга чейин бул бейөкмөт уюм “Жарандар коррупцияга каршы”укуктук борбор деп аталчу. Укук коргоочу ошондой эле Евразияда фундаменталдык эркиндиктерди коргоо коалициясынын активисти. (EBM)

XS
SM
MD
LG