Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Таласта үшүк алган жерлерде чыгым эсептелди


Талас районунда үшүк алып кеткен жерлердеги чыгымдын жалпы суммасы 700 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Ушул айдын 17синен 18не караган түнү Осмонкулов, Айдаралиев, Бекмолдо, Арал, Өмүралиев, Кара-Суу жана Кууганды айыл аймактарына караштуу 600 гектардан ашуун жерде абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүргөн. 183 гектар төө буурчак, 441 гектарга айдалган картошка жабыркады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG