Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын бюджетин колдоого 25 миллион доллар бөлөт


Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Дүйнөлүк Банктын «Саясатты өнүктүрүүнү колдоо боюнча операциялар-1» программасынын алкагындагы макулдашуунун долбоору колдоого ээ болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, республикалык бюджетке колдоо көрсөтүү максатында Дүйнөлүк Банк 25 миллион доллар бөлөт. Анын 13,75 миллиону насыя, 11,25 миллиону грант катары берилет.

Насыя каражатын кайтаруу мөөнөтү - 40 жыл, анын алгачкы 10 жылында жеңилдетилген шарттар каралган. Үстөгү - 0,75 пайыз. (RK)

XS
SM
MD
LG