Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Укук коргоочулар Исмаилова боюнча президентке кайрылды


“Кылым Шамы” уюму укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы Өзбекстандан кайтарууга көмөктөшүүнү суранып, президент Алмазбек Атамбаевге, Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун төрайымы Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Исмаилованын Ташкенттеги аба майданда кармалганына 16 сааттан ашса да, расмий органдар бул боюнча маалымат бербей жатышат. Учурда укук коргоочунун кайда, кандай шартта кармалганы белгисиз бойдон калууда. Буга байланыштуу укук коргоочулар өлкө президенти бул ишти өз көзөмөлүнө алышын, расмий органдар ыкчам чара көрүшүн суранышууда:

-Төлөкан Исмаилова сыяктуу белгилүү укук коргоочу болобу, жөн жай жаран болобу биздин мамлекеттик органдар кармалгандан тарта ага укуктук жана башка жардам көрсөтүшү зарыл эле. Бирок расмий органдар маалымат бербей жатышат. Анын үстүнө, укук коргоочунун адам укугу одоно бузулган, демократиялык принциптер көп учурда сакталбаган Өзбекстан сыяктуу өлкөдө кармалып турушу бизди абдан кабатыр кылып жатат-деп билдирди Абдрасулова.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылынын төрайымы, белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова кечээ кечинде Ташкенттеги аба майданда кармалган. Ал Өзбекстандын "кара тизмесине" киргени үчүн кармалганын жакындарына электрондук почта аркылуу кабарлоого жетишкен. Тышкы иштер министрлигинен Исмаилованын кандай жагдайда кармалганы учурда такталып жатканын билдиришүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG