Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Акталган депутаттар Баткенге барды


Жыйындын алып баруучусу Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду эл алдына алып чыгууда. Баткен шаары, 24-июнь, 2013.
Жыйындын алып баруучусу Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду эл алдына алып чыгууда. Баткен шаары, 24-июнь, 2013.

«Ата-Журт» фракциясынын камактан чыккан депутаттары кечээ кечинде Баткен шаарында эл менен жолугушту.

Бишкек шаар соту өткөн жумада актаган Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты Баткенге чейин Ош, Жалал-Абад шаарларында шайлоочулары менен жолугушуп келди. Бирок Баткенге Камчыбек Ташиев менен Талант Мамтыов эле келди. Садыр Жапаров зарыл жумуштары менен Оштон кайра артка тартканы айтылды.

Облус борборуна келгенге чейин Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев төрт күн мурда каргашалуу окуя болгон Кадамжайдын Сары-Алтын айылына кайрылып, өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан Бакыт Тагаевдин үйүнө куран окутту. Маркумдун жакындары, айылдаштарынын арыз-муңун укту. Андан кийин жыл башында чыр чыккан чек арадагы Чарбак айылына да барып, андагы абал менен таанышты.

Камактан бошогонуна бир жумадай болгон депутаттардын Баткен шаарынын борбордук аянтындагы жолугушуусуна миӊден ашуун киши катышты.

Жыйында алгач сөз алган депутат Талант Мамытов өлкөдө сот адилеттүүлүгү бар экенин айтты:

- Ак экендигибизди, бизге коюлган күнөөлөр жалган экенин фактылар менен далилдеп бердик.

Шайлоочуларына кайрылган Камчыбек Ташиев алгач эле Баткен облусунун көйгөйлөрүнө мамлекеттик деӊгээлде маани берилиш керектигин, кошуналардын чек арадагы аракети өлкөгө коркунуч жаратып жатканын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө Баткен облусу мамлекетибиздеги №1 проблемага айланды. Чек арадагы элибиздин коңшулардын аскер кызматкерлеринен, жарандарынан көргөн кордуктары бардыгыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Мына ошондуктан Баткен облусунун проблемасын чечүү - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.

Акталган депутаттар Баткенде
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев депутаттарды актаган соттордун коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканын айтып, бул мамлекеттеги укуктук абалдын кандай болуп жатканынан кабар берээрин кошумчалады. Жолугушууда баштан-аяк эки депутат гана сүйлөп, суроо-жооп болгон жок.

Жыйынга байкоо салган жергиликтүү журналист Аскар Баймуратов эгер депутаттар чын эле шайлоочулары менен амандашам десе анда Кыргызстанды толук кыдырып чыгышы зарыл деген ойдо:

- Жолугушуудан саясий сүртүмдөрдү деле байкаган жокмун. Жөн гана эл менен амандашуу катары бааладым. Эгерде Ташиев чындап жолугушуу өткөрөм десе, анда Кыргызстандын бардык облустарын кыдырып чыгышы керек.

Жолугушуу ыр-күү менен коштолуп, депутаттар кийинчерээк суроо-жооптор үчүн дагы эл менен жолугушууларга келээри белгиленди. Бул жолугушуулар эч кандай саясий максат көздөбөстүгү буга чейин айтылган.


Баткендеги жолугушуудан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG