Баткендин тоолорунда жашынып жүргөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Ал 24-июнда Баткен чек ара отрядынын "Капчыгай" тозотунун аймагындагы Табыш-Тамдык деген капчыгайында кармалган. Ага чейин кыргыз чек арачыларына жергиликтүү тургундардан ошол жакта шектүү бир адам жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. Үңкүрлөрдүн биринен кармалган кишинин жанында бир айга жетээрлик тамак-аш менен идиш-аяк, шам, ширеңке, төшөнчү, кийим жана чатыр табылган. Ал адам психикалык жактан оорулуу экени аныкталганы айтылууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны тажык күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. (RK)
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны тажык күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. (RK)