Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековду Бишкектин Биринчи Май райондук соту тогуз жылга кести. Анын болгон үй-мүлкү мамлекетке чегерилет. Өкүм бүгүн чыкканын "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.
Өткөн жылдын сентябрында Элдар Мадылбеков 2010-жылдын апрел окуясынан кийин “Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар” деген шек менен кармалган.
Быйыл март айында Аламүдүн райондук соту апрел окуялары учурунда талап-тоноочулукка катышкан деп айыпталган Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморовду 16 жылга, ал эми Абдували Акжоловду 13 жылга эркинен ажыраткан болчу. (RK)