Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

USAID жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын көлдө эс алдырууда


Борбор Азиядагы Америка университети АКШнын USAID эла аралык өнүгүү агенттигинин жардамы менен көлдө балдар үчүн жайкы лагер уюштурууда. Кыргызстандын түштүк облустарында жакыр үй-бүлөдө жашаган отуз бала 10 күн сууга түшүп, бири-бири менен жакындан таанышып, түрдүү билим берүү программаларына катыша алат. Алар үчүн инсандык сапаттарды калыптандыруу, командада иштөө, адамдар менен туура мамиледе болууну үйрөткөн түрдүү психологиялык сессиялар да уюштурулууда.

Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан Ош жана Жалал-Абаддын тургундары үч жыл мурун улут аралык жаңжалды башынан кечирген. Учурда аталган шаарларда адамдардын жай турмушун калыбына келтирүү максатын көздөгөн түрдүү эл аралык долбоорлор иштеп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG