Евробиримдик Түркия менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштаганга макулдугун билдирди. Биримдиктин министрлери бүгүн Люксембургдагы жыйында талкууну кайра баштаганга даяр экендиктерин айтышты. Анкаранын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүү үч жыл мурда токтоп калган.
Сүйлөшүү качан башталары күзүндө Түркиядагы реформалар жөнүндө баяндама жарыялангандан кийин дайын болоору кабарланды. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы “Евробиримдикке мүчөлүк алууда азыр эч кандай тоскоолдукту көрбөй жатканын” билдирип, позитивдүү натыйжа болооруна ишенерин айтты.