Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Чехияда технократ өкмөт башчылыкка дайындалды


Президент Милош Земан өзүнүн экономикалык кеңешчисине жаңы өкмөт куроону тапшырды. Коррупциялык жаңжалдан улам центристтик оңчул өкмөт кулагандан кийин, 52 жаштагы экономист Йржи Рушнок жаңы премьер-министр болуп калды. Кетип жаткан коалициянын өкүлү Мирослав Калоусек Рушнокту парламент өткөрбөй тургандыгын билдирди. Мурдагы өкмөт башчы Петр Нечас өткөн аптада жакын жардамчысы менен байланышкан паракорлук жана тыңчылык жаңжалынан улам кызматынан кеткен эле.

XS
SM
MD
LG