Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Путин Сноудендин Москвада экенин тастыктады


Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Москвадагы “Шереметьево” аба майданда экенин тастыктады. Бул тууралуу орус президенти Финляндиядагы сапары учурунда билдирди. Анда Путин Сноуденди “эркин адам” деп атап, АКШнын аны өткөрүү боюнча сунушун четке какты:

-Мырза Сноуден чындыгында эле Москвага келди. Бул биз үчүн күтүүсүз болду. Ал транзиттик жүргүнчү катары учуп келди. Мындан улам ага виза жана башка документтердин кереги жок болчу. Ал транзиттик жүргүнчү катары билет сатып алып, кайда кааласа учуп кетсе болот-деп билдирди.

Жекшембиде Гонконгдон учуп чыккан Сноудендин кайда жүргөнүн тастыктаган маалымат жок болуп жаткан. Ага өз мекенинде америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн издөө жарыяланган.

Андан мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон бул маселенин айынан Орусия менен мамилени бузуу ниети жок экенин билдирген. Ошондой эле Керри орус бийликтери соттон качып жүргөн программистке жардам көрсөтүп, өз кызыкчылыгына колдонооруна ишенбей турганын кошумчалаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG