Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Орусия Кыргызстанды курал-жарак менен жабдыйт


Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу шейшембиде президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, кыргыз армиясынын курал-жарак жана аскер техникасы менен жабдуу боюнча программа дээрлик даярдалып бүттү. Жакынкы мезгилде келишимдеги айрым маселелер такталган соң, 2014-жылдан тарта Орусия кыргыз армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен жабдый баштайт.

-Биз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен жабдуу боюнча программаны карап жатабыз жана дээрлик баары даяр болуп калды. Жакынкы мезгилде биз акыркы формалдуу иштерди бүтүрөбүз деп ойлойм. Бул эми биздин өлкөнүн ичиндеги маселелер. Эки өлкө ортосунда мунун баары чечилген. 2014-жылдан тарта Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн курал-жарак жана аскер техникасы менен жабдууну баштайбыз-деп билдирди Шойгу.

Буга чейин Кыргызстан армияны жаңы куралдар менен жабдууну Орусиянын жардамы менен ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Былтыр орусиялык бир катар басылмалар Орусия Кыргыз армиясынын курал-жарагын жаңыртуу үчүн 1 миллиард 100 млн. доллар бөлөрү тууралуу жазып чыккан болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG