Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

ШКУнун коргоо министрлеринин жыйыны башталат


Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны башталат. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Кытайдын, Тажикстандын коргоо министрлери жана Өзбекстандын коргоо министринин орун басары катышат. Анда аймактагы коопсуздук жана уюм алкагында аскердик кызматташуу маселелери талкууланмакчы.

Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG