Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Обама климаттагы өзгөрүүнү токтотуу үчүн жаңы план сунуштады


АКШ президенти Барак Обама климаттагы өзгөрүүлөрдү токтотуу, абаны булгаган көмүр кычкыл газын азайтуу жана энергияны сактоого багытталган жаңы планын сунуштады. Ага ылайык, АКШдагы электрстанцияларына абага көмүртекти каалагандай өлчөмдө бөлүүнү токтотуу каралган.

Жоржтаун университетиндеги сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти климаттын өзгөрүшү опурталдуу экенин эскертип, буга маани бербегендерди айыптай турганын билдирди.

Обаманын айтканына караганда, буга байланыштуу мыйзамдарды кабыл алуу өтүнүчү менен Конгресске кайрылган, бирок азыркыга чейин жооп жок.
“Президент катары, ата катары жана жөнөкөй америкалык катары биз эртерээк аракет көрүшүбүз керек деп айткым келет”-деди Обама.

XS
SM
MD
LG