Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Сербия: Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Евробиримдиктин министрлери Сербиянын бул уюмга кириши тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылышты.

Эми макулдашылган бул чечимди Евробиримдиктин өлкө жетекчилери жакында боло турган Брюсселдеги саммитте кабыл алышы зарыл. Дипломаттардын айтымында, сүйлөшүүлөр кийинки жылга чейин башталышы керек.

Бул чечимдердин аткарылышы Белград менен Приштинанын эки тараптуу мамилесин оңдоо аракетинен көз каранды болчу. Сербия өз алдынча мамлекет катары жарыяланган Косовонун эгемендигин тааныбай келген. Евробиримдиктин ортомчулугу алдында гана узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң эки тарап мамилени оңдоо боюнча келишимге жетишти.

Биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Стефан Фүле министрлердин сунушун кубаттап, Косовонун айланасындагы абалды оңдоодогу ийгилик деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG