Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Эмилбек Каптагаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды


Бул тууралуу “Азатыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, Эмилбек Каптагаев бүгүнтөн тарта расмий ишке киришет.

Эмилбек Каптагаев буга чейин президенттин улут аралык мамилелер боюнча кеңешчисинин милдетин аркалап келген. Ал 2010-жылы 7-апрелде болгон ыңкылаптан соң мурдагы президент Роза Отунбаеванын аппаратын жетектеген.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Токон Мамытов өткөн аптада коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG