Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Кыргыз-кытай чек арасында биргелешкен күзөт иштери жүрүүдө


Кыргызстан менен Кытай ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин биргелешип күзөтүүдө. Проблемалуу аймактарды аныктоо максатында эки тараптын тең чек арачылары ар ким өз аймагын жөө басып текшерип жатат. Нарындагы "Торугарт", Ысык-Көлдөгү "Үзөнгү-Кууш", Оштогу "Эркеч-Там" тозотторунун тегереги текшерилди. Эч кандай мыйзам бузуу учурлары катталган жок. Биргелешкен иш-чаранын жыйынтыктары эки тараптуу жыйындарда талкууланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кыргыз-кытай чек арасынын жалпы узундугу 1084 чакырымды түзөт. Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкеси толук такталган, талаштуу жерлери жок. (RK)

XS
SM
MD
LG