Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Сот үч депутаттын өкүмү боюнча прокуратуранын маалыматын четке какты


"Баш прокуратуранын "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты боюнча соттук протокол тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт", - деп билдирди бүгүн Кыргызстандын Жогорку Соту. Аталган мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, мамлекеттик айыптоочулар протокол менен толук таанышып чыккан жана аларга бул документтин көчүрмөсү берилген.

Шаардык соттун үч депутат боюнча 17-июнда чыгарган өкүмү 26 барактан, ал эми соттук отурумдун протоколу 144 барактан турат.

Кечээ Баш прокуратура "Ата-Журт" партиясынын үч депутатын актоо боюнча шаардык соттун өкүмүндө күмөн жараткан айрым жагдайлар бар экенин айтып чыккан. Ошондой эле шаардык сот өкүм чыгарган жыйынынын протоколун прокурорлорго али күнчө көрсөтө элеги, мунун өзү мыйзам бузуу экени айтылган.

Былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган "атажуртчу" депутаттр Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Биринчи Май райондук соту 1-1,5 жылга кескен. Бирок 17-июнда шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG