Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Шинжаңдагы тополоңдо 27 киши апаат болду


Шинжаң уйгур автономиялуу районунда болгон коогалаңда кеминде 27 киши набыт болду. Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, бүгүн таңга жуук шамшар бычактар менен куралданган бейбаштар тобу Луккун шаарчасындагы полицияканага, өкмөттүк мекемелерге, курулуштарга кол салган жана адамдарды бычактап, полициянын машинелерине өрт койгон. Луккун Үрүмчүдөн 200 чакырымдай түштүктөгү шаарча. Полиция ок чыгарганга чейин бандиттер 17 адамды өлтүргөнгө үлгүргөн. Ырасмий кабарда бандиттердин улуту көрсөтүлбөйт. Шинжаң уйгур автономиялуу районунун көпчүлүк калкы уйгурлар. Мунай кендерин өздөштүрүү үчүн акыркы жылдарды аймакка бир нече миллион хан кытайлар көчүрүлгөнү этностук жаңжалдарды ырбатып, улут аралык чатакта жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG