Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Тажикстанда көзкарандысыз журналист кайра камалды


Белгилүү тажикстандык журналист Мухаммадюсуф Исмаилов кайра камакка алынды. Тажикстандын ички иштер министрлигинин маалымдашынча, апта башында камакка алынган көзкарандысыз журналистке Согду облусунун эки жаранынан пара сураган деген күнөө тагылды.

Исмаилов 2010-жылы жергиликтүү прокурордун мыйзамсыз жосундарын изилдеген макалаларды жазып, элге таанылган. Ошондон кийин прокурорду каралады жана жемсөөлүк кылды деп камакка алынып, 11 жолу сурак берген соң, 2011-жылы октябрда бошотулган. Убактылуу абакта отурганда сот аны күнөөлүү деп таап, 9 миң доллар өлчөмүндөгү айыппулга жыккан. Мухаммадюсуф Исмаиловдун адвокаттарынын “Азаттыкка” айтышынча, алар жаңы коюлган айыптоолор менен таанышкандан кийин билдирүү жасашат.

XS
SM
MD
LG