Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Пакистанда мина чабуулунан ондон ашык адам өлдү


Пакистандын Карачи шаарында жолго коюлган минадан кеминде жети адам өлдү. Тогуз жолоочу жарадар болду. Полициянын билдиришинче, бутага алынган жергиликтүү судья Макбул Бакир оор жараат алган. Өлгөндөрдүн баары судьянын күзөтчүлөрү.

Синд провинциалдык өкмөтүнүн башкы катчысы Мухаммад Чаудри буларды айтат:

- Бул күтүүсүз окуя болду. Полициячы жана Бакир мырза жарадар болушту. Биз мина жарылган жерде турабыз. Бакирдин коопсуздугун камсыздоо үчүн аны полиция жана жоокерлер күзөтүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, мотоциклге жабыштырылган бомба жарылган.

Бүгүн эле Пакистандын Хайбер Пактунква провинциясындагы Банну шаарында алыстан башкарылчу минадан жергиликтүү уруунун аксакалы, анын уулу жана жээни курман болду. Пешавар шаарында болсо куралчан адамдар полициянын даражалуу офицерин атып кетишти. Чабуулда башка үч полициячы жарадар болду. Үч окуяга тең жоокерчиликти Пакистан талибдери өздөрүнө алды.

XS
SM
MD
LG