Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Кесиптик кошуундар аркылуу эс алууга бекер жолдомо алгандар көбөйүүдө


Кыргызстанда кесиптик кошуундар федерациясы аркылуу эс алууга бекер жолдомо алгандар саны жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган уюмдун жетекчи орун басары Ормонбек Жайлообаев билдирди. Анын айтымында, федерациянын карамагындагы эс алуу жайларына жолдомо коммерциялык негизде да сатылат. Мурда бекер жолдомо алгандар 20-30 пайыз болсо, быйыл 50гө чамалап калды:

- Мунун себеби өлкөдө ишканалардын саны өсүп жатканында. Ошого жараша Социалдык фондго да төлөмдөр көп түшүп жатат. Ал эми бекер жолдомолор ошол Социалдык фонд аркылуу чогулган акчадан каржыланат, - дейт Жайлообаев.

Бирок, Ормонбек Жайлообаевдин айтымында, кесиптик кошуун аркылуу жеңилдетилген шартта жолдомо алгандардын саны дагы эле аз. Азыркы кезде иштеп жаткан миң адамдын төртөө гана мындай мүмкүнчүлүккө ээ. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG